www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Жибек Жолу проспектиси менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишинде адамдын манжасынын бөлүгү табылганы тууралуу видео социалдык тармактарга тараган. Бул факты боюнча Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы текшерүү жүргүздү.
Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө табылган манжа 1966-жылы туулган, туруктуу жашаган жери жок А.Ш. аттуу жаранга таандык экени аныкталган. Анын айтымында, үч жума мурда жаракат алып, жабыркаган манжасынын бөлүгү өзүнөн өзү бөлүнүп кеткен.
Милициянын маалыматына ылайык, окуянын кылмышка тиешеси жок жана криминалдык мүнөзү аныкталган эмес. Учурда жаран борбор калаадагы социалдык баш калкалоочу жайлардын бирине жайгаштырылды.