www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 6-июлунда Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешмесине караштуу Эксперттик жумушчу топтун XXVI жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйынга Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия жана Тажикстандын делегациялары катышты.
Жолугушууда ШКУнун алкагындагы аскердик кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланып, коргоо ведомстволорунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, аскердик кызматташтык механизмдерин өркүндөтүү, ишеним чараларын өнүктүрүү жана өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча практикалык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча сунуштар каралды.
Ошондой эле тараптар биргелешкен иш-чараларды даярдоо, тажрыйба алмашуу, аймактык коопсуздукту бекемдөө жана өз ара ишеним, тең укуктуулук менен кызыкчылыктарды урматтоо принциптерине негизделген көп тараптуу кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Жыйындын жыйынтыгында катышуучулар ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерди макулдашып, Эксперттик жумушчу топтун XXVI жыйынынын протоколуна кол коюшту.
Уюштуруучулардын белгилешинче, жыйын ШКУга мүчө мамлекеттердин конструктивдүү диалогду чыңдоого, өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө жана аймактагы тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен аракеттерди улантууга болгон умтулуусун дагы бир жолу тастыктады.