www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын 24-октябрында милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алынган ыкчам маалыматтарга ылайык, белгисиз адамдар тарабынан 2025-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоонун алдында акча каражаттарын таратуу жолу менен шайлоочулардын добуштарын сатып алуу пландалган. Бул максатта жарандарды Бишкек шаарынын Касымалы Баялинов көчөсүндө жайгашкан тамактануучу жайынын бирине чакырышкан.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлери Бишкек ШИИББнын Экстремизм жана миграцияга каршы күрөшүү кызматынын (ЭММКАК) кызматкерлери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында атайын ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Иш-чаранын жүрүшүндө 2025-жылдын 24-октябрында саат 18:00дөн 21:30га чейин аталган тамактануучу жайында коомдук турмушка активдүү катышкан жана жергиликтүү тургундардын урмат-сыйына ээ болгон 15тен ашык жаран чогулгандыгы аныкталды.

Текшерүү маалында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мөөнөтүнөн мурдагы шайлоодо №3 Кадамжай шайлоо округу боюнча катышуу ниетин билдирген 1980-жылы туулган К.С. тарабынан шайлоочуларга үгүт иштери жүргүзүлүп, добуш берүүгө байланыштуу материалдык сыйлык жана убада берүү жөнүндө мыйзамсыз билдирүүлөр жасалганы аныкталган.

Мындан тышкары, иш-чара өткөрүлгөн тамактануучу жайындагы чыгымдарды К.С өз каражатынан 19 300 сом өлчөмүндө төлөгөнү тастыкталган.

Бул факты боюнча иш-чаранын бардык катышуучулары Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматына жеткирилген. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жана мыйзамсыз үгүт иштери боюнча толук маалымат алынган.

2025-жылдын 7-ноябрында С.Кга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинде (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн айыбы угузулуп, бөгөт коюу чарасы башка жакка кетпөө жөнүндө тил кат алынган.

Азыркы учурда тергөө иштери улантылып, бардык жагдайлар такталууда.

Последние новости