www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында мас абалында унаа башкарган айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык МККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, МККБнын кызматкерлери шектүү айдагандыгы үчүн Kia үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Текшерүү учурунда айдоочунун мас абалында экени аныкталып, наркологиялык мекемеде жүргүзүлгөн медициналык текшерүүдө алкоголдук ичимдик ичкени тастыкталган.

Натыйжада унаа айып короого киргизилип, айдоочуга 80 миң сом айып пул салынып, эки жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылган.

Бишкек шаардык МККБ айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана мас абалында унаа башкарбоого чакырат.

 

Последние новости