www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо маселелери боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйында күйүүчү-майлоочу материалдар рыногундагы учурдагы абал, бензиндин кору, жеткирүү көлөмдөрү, баа саясаты жана ички рынокту туруктуу камсыздоо маселелери талкууланды.

Маалыматка ылайык, мунай продуктуларын жеткирүүчү компанияларга мамлекеттик субсидияларды берүү боюнча иштер уланууда.

Келишимдерге жараша бензинге берилүүчү субсидиянын өлчөмү АИ-92 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын бир литрине 17,16 сомдон 30,88 сомго чейин, дизелдик отунга 13,06 сомдон 42,27 сомго чейин, ал эми суюлтулган газга 46 тыйындан 1,40 сомго чейин белгиленген.

Жыйындын соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга ички рынокту күйүүчү-майлоочу материалдар менен туруктуу камсыздоо, жеткирүү көлөмдөрүнө жана корго көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле тартыштыктын алдын алуу боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырылды.

Последние новости