www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 29-сентябрында Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында министр, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбековдун төрагалыгы алдында онлайн форматта аппараттык кеңешме өттү.
ИИМдин маалыматына ылайык, жыйынга министрдин биринчи орун басары, орун басарлары жана ички иштер органдарынын жетекчилери катышты.
Кеңешмеде тогуз айдын жыйынтыгын чыгаруу, коомдук тартипти сактоо жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо маселелери каралды. Министр айрым багыттардагы кемчиликтерди белгилеп, аларды тез арада жоюу боюнча тапшырмаларды берди.
Улан Ниязбеков өлкөнүн ички коопсуздугун бекемдөөдө санариптик технологияларды кеңири колдонуу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, учурда өлкө боюнча 10 миңден ашуун видеокамера иштеп жатат. Жыл аягына чейин алардын санын 20 миңге жеткирүү милдети коюлган.
Ошондой эле «Коопсуз өлкө» долбоорун өнүктүрүү, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук жайлардагы укук бузуулардын жана жол кырсыктарынын алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулукка жана балдарга байланышкан кылмыштарга бөгөт коюу боюнча иштерди күчөтүү тапшырылды.
Балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулду. Учурда өлкө боюнча 660 орто мектепте «дүрбөлөң баскычы» иштеп жатканы белгиленип, мындай системаны бардык мектептерге жайылтуу зарылдыгы айтылды.
Мындан тышкары, жаштар арасында баңгизаттардын, радикалдык жана экстремисттик идеологиялардын жайылышына жол бербөө, билим берүү мекемелеринде алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.
Кеңешменин соңунда министр ички иштер органдарынын жетекчилерине коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча милдеттерди так жана сапаттуу аткарууну, жарандар менен иштөөдө кесипкөйлүктү жана жоопкерчиликти жогорулатууну тапшырды.