www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда Казак киносунун күндөрү өтүүдө

Бишкек шаарында "Ала-Тоо" кинотеатрында Казак киносунун күндөрүнүн расмий ачылыш аземи өттү.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чарада Кинематография департаментинин директору Талантбек Төлөбеков жана Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчи-элчиси Асхат Сыздыков сөз сүйлөштү.

Үч күнгө созулган Казак киносунун күндөрүнүн алкагында кыргыз көрүүчүлөрүнө казак кинематографиясынын ар түрдүү жанрдагы тасмалары тартууланат. Программага фантастика элементтери камтылган "Qaitadan" драмасы, "Алтын адам" толук метраждуу анимациялык тасмасы жана үй-бүлөлүк "Жабайы" тасмасы кирген.

Иш-чаранын негизги максаты кыргыз көрүүчүлөрүн заманбап казак киносу менен тааныштыруу, эки өлкөнүн кинематографисттеринин чыгармачылык байланыштарын кеңейтүү жана кыргыз-казак маданий кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, Казак киносунун күндөрү Бишкек шаарында 30-сентябрга чейин уланат.

Последние новости