www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 12-майда Бишкек шаарындагы Таштан Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык институттун базасында Кыргызстан менен Россия мугалимдеринин IV Эл аралык форуму старт алды. Эки күндүн ичинде катышуучулар билим берүү кызматташтыгын өнүктүрүү, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашат.
Форумга Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова, Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Салават Сагитов, Россия Федерациясынын Элчилигинин билим берүү жана илим маселелери боюнча биринчи катчысы Алексей Пойда, Россиялык мекендештердин координациялык кеңешинин мүчөсү Александр Степанюк, ошондой эле Москва мамлекеттик психологиялык-педагогикалык университетинин тышкы байланыштар боюнча проректору Хож-Ахмед Халадов катышууда.
Форумдун ачылышында агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова эки өлкөнүн педагогдорунун ортосундагы кесиптик кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
«Бүгүнкү күндө заманбап билим берүү инфраструктурасын түзүү менен катар билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окутуунун усулдарын өркүндөтүү, педагогдорду даярдоо жана тажрыйба алмашуу багытында биргелешип иш алып баруу өзгөчө маанилүү. Курулуп жаткан мектептер кесиптик өсүү жана алдыңкы билим берүү тажрыйбаларын жайылтуу үчүн аянтча болот деп ишенебиз», — деди ал.
Иш-чаранын максаты экосистемалык жана системалык-ишмердүүлүк ыкмаларын интеграциялоонун негизинде педагогдордун кесиптик өнүгүүсүнө шарт түзүү, ошондой эле алардын компетенцияларын, баалуулук багыттарын жана билим берүү чөйрөсү менен аң-сезимдүү, жоопкерчиликтүү жана натыйжалуу өз ара аракеттенүү жөндөмүн өнүктүрүү болуп эсептелет.
Белгилей кетсек, эки өлкөнүн кызматташтыгынын алкагында Кыргызстанда тогуз мектеп курулууда. Алар ар бир облуста, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында жайгашат. Бул мектептердин бүтүрүүчүлөрү эки өлкөнүн аттестатын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Мындан тышкары, республиканын билим берүү уюмдарына Кыргыз Республикасынын билим берүү стандарттарына ылайык ата мекендик авторлордун катышуусунда адаптацияланган орус тили жана адабияты боюнча 651 миңден ашуун окуу китеби жеткирилди. Ошондой эле «Россиялык мугалими чет өлкөдө» долбоору жана «Евразиялык лицей» эл аралык билим берүү долбоору ишке ашырылууда. Мындан сырткары, Россия тарабынан Кыргызстандын педагогдорунун квалификациясын жогорулатуу үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлүп келет.