www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков мөөнөтүнөн мурда шайлоо болорун уккандан бери түн уйкудан калып, Нарынды түрө кыдырып, шайлоонун камын эртелеп көрүп жүрөт.

Эске салсак, чоң муштум Жаныбек Абиров мандатын тапшырганда, ал Бишкек шаарынын Ленин районунан талапкер катары чыгып, болгону 5279 добуш менен багы ачылып, ЖКнын босогосун аттаган эле. Натыйжада, Кубанычбек Карганбекович мандаттын даамын татып алып, кайрадан парламентти көксөп турган чагы.

Кызыгы, депутат кылган Ленин районунун шайлоочуларына айткан-дегендерин шамалга учуруп жибергендей.

Алсак, талапкер кезинде шайлоочуларга берген куру убадалары боюнча соцтармактарда нааразычылыктар козуп баратат. Эми Ленин районунан кайра чыкса, Куванычбек Конгантиев менен Жаныбек Абировдон озуп кетерине көзү жетпей, Нарын облусуна секирди.

Туура, атасы Нарында төрөлүп өскөн, ошол жерден депутат болгон дегендей. Бирок, баласы атасынын кадырын колко кылып, “Нарындан шайланам” дегени жаңылыштык эмеспи?.. Же эмне, капчыгынын калыңдыгына таянган Кубанычбек “баарын сатып алам” деген логика менен теңиртоолуктарды тооруп турабы? Акчаны самандай сапырса да, эл деген азыр баарын аңдап билип калган эмеспи. Самаков “самындай көбүрбөй” эске алышы керек.

"Азия Ньюс" гезити

Последние новости