www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун айынан каза болгон адам Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медициналык борбордун илдет жуктурган кызматкеринин жолдошу болгон. Бул маалыматты журналисттерге Биринчи Май районундагы Биргелешкен үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгери Жыргалбек Савданбеков тастыктады.

Анын айтымында, маркумдун жубайы №3 ҮМБнын кадрлар бөлүмүндө иштейт: "Ал ооруканадан чыгарылган", - деди Жыргалбек Савданбеков.

Эске салсак, бүгүн, 15-майдагы онлайн-жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев илдеттен эки киши каза болуп, жалпы 14кө жеткенин билдирген. "Эки бейтаптын бири-55 жаштагы эркек киши Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасында каза болгон. Маркумга коюлган диагноз: “Эки тараптуу пневмониянын оор өтүшү, дем алуунун жетишсиздиги, курч кармаган дем алуу дистресс синдрому диагноздорунан тышкары, өнөкөт гепатохолецистит жана боордун дистрафия оорулары болгон”, - деп айтылган.

Ал акыбалы начарлагандыгына байланыштуу, 2-майда реанимация бөлүмүнө которулган.

Эске салсак, №3 ҮМБдун 15 кызматкеринен илдет тастыкталганы маалым болгон. Алардын үчөө сакайып, ооруканадан чыгарылса,  бирөөсү көз жумган. Башка кызматкерлер дарылануусун улантып жатышат.

 Булак: NazarNews.org

Последние новости