www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эстрада ырчысы, Нурлан Насиптин аялы Асель Кадырбекова алар кайрадан жарашып, учурда жашап жатканын билдирди.

"Идеалдуу үй-бүлө жок. Бардыгы кыйынчылыктарды баштан өткөрүшөт. Эң башкысы ошол сыноодон татыктуу өтүү. Биз дагы четте калган жокпуз. Биз идеалдуу үй-бүлөбүз деп иллюзия түзгүм келбейт. Биз өз ттүйшүгү бар катардагы эле үй-бүлөбүз. Себеби ар бирибиздин сезимдерибиз, эмоциябыз бар. Бизди оор күндөрү колдоп турган ата-эгебизге, досторго жана күнү-түнү инстаграмды карап отурган күйөрмандарга рахмат. Ал эми биздин оор күндөрүбүздү пайдаланып өзүнө катталуучу жана лайк топтогондорду Кудайга койдум. Биз сыноодон өттүк, эми бары жакшы болот деп ойлойм", - деди Кадырбекова.

Эске сала кетсек, буга чейин социалдык тармактарда эки ырчы ажырашып кетиптир деген сөздөр тараган.

Булак: NazarNews.org

Последние новости