www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында 5-августтан тартып жаңы жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү курууга байланыштуу айрым көчөлөрдө унаа кыймылына этап-этабы менен убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, курулуш иштери Анкара көчөсүндөгү «Глобус» соода борборунун жанында, Ауэзов көчөсүндөгү Аламүдүн кичи районунун №59/2 үйүнүн алдында, 7-Апрель жана Ой-Терскен көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде, Байтик Баатыр көчөсүндөгү курулуп жаткан мечиттин жанында, Анкара көчөсүнүн дагы бир тилкесинде жана Нуркамал менен Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүзүлөт.
Мэриянын маалыматына караганда, долбоор жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатууга, жол кырсыктарынын тобокелдигин азайтууга жана көчө-жол тармагынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.
Курулуш иштери бекитилген график боюнча этап-этабы менен жүргүзүлөт.
Буга байланыштуу шаар тургундары жана коноктору жол жүрүү багыттарын алдын ала пландап, убактылуу жол белгилеринин талаптарын сактоого чакырылды.