www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 28-апрелде Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
2025-жылдын 16-августунда милицияга борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2024-жылдын күзүндө Маевка айылындагы №396 контурда жайгашкан жер тилке үчүн баасы 30 миң долларлык 2007-жылкы «Мерседес» жана 30 миң долларлык 2017-жылкы «Тойота Камри» унааларын берген. Жыйынтыгында арыз ээси 60 миң долларга алданып калган.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча катталып, шектүү катары 1996-жылы туулган М.Ш. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Укук коргоо органдары кармалган жарандын башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси болушу мүмкүн экенин четке какпайт. Буга байланыштуу милиция шектүүнүн аракеттеринен жабыркагандарды же кандайдыр бир маалыматы барларды төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну суранат: 0(707) 714 834 же «102».