www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салык кызматынын кызматкерлери өлкө аймагына жалпы суммасы болжол менен 1,5 млн сомду түзгөн аудиотехника, стоматологиялык материалдар жана башка товарларды мыйзамсыз ташып киргизүүгө бөгөт коюшту.

Тактап айтканда, «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө пунктунун аймагында жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө «Toyota» үлгүсүндөгү автоунааны текшерүү учурунда тиешелүү коштомо документтери жок магнитофондор, акустикалык системалар, стоматологиялык пломбалоочу материалдар жана башка товарлар аныкталды.

Бул факты боюнча текшерүү иш-чаралары башталды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү процессуалдык чечимдер кабыл алынат.

 

Последние новости