www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
11-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата төрт социалдык объекттин ачылыш аземи өттү.
Иш-чарага президент Садыр Жапаров онлайн форматта катышты.
Алардын катарында Шабдан Баатыр көчөсү, 740 дарегиндеги Жаш техниктер станциясы бар. 2 563 чарчы метрлик беш кабаттуу имаратта окуу кабинеттеринен тышкары китепкана, музей, астрономиялык обсерватория, конференция, актовый, бий жана спорт залдары жайгашкан.
Ошондой эле автомодель спорту жана картинг үчүн аянтчалар, воркаут-зона уюштурулган.
«Биримдик-Кут» жаңы конушунда 280 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди.
Анда 12 топко ылайыкталган оюн жана уктоочу бөлмөлөр, музыкалык жана спорт залдары, медициналык кабинет, ашкана жана башка зарыл бөлмөлөр бар. Аймакта тогуз оюн аянтчасы жабдылган.
Мындан тышкары, Жибек Жолу проспектиси, 281 дарегинде жайгашкан №23 мектептин 700 орундуу жаңы имараты ачылды. Мектепте окуу жана компьютердик класстар, лабораториялар, китепкана, ашкана, спорт жана актовый залдар каралган.
Ал эми 5-кичи райондо №3 мектептин 500 орундуу кошумча корпусунун курулушу аяктады. Анын аймагында кичи-футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары, воркаут-зона жана 100 метрлик чуркоо жолу курулган.
Объектилердин курулушуна Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы буюртмачы болгон.