www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте бокс боюнча эл аралык турнир өтөт

Бишкекте Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык турнир өтөт.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдештер 26-апрелден 1-майга чейин Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөрүлөт.

Мелдешке 19 жаштан 40 жашка чейинки мушкерлер 50 кг, 55 кг, 60 кг, 65 кг. 70 кг, 75 кг, 80 кг, 85 кг, 90 кг чейинки жана 90 килограммдан жогору он салмак чен бирдигинде күч сынашат.

Турнирдин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери тиешелүү даражадагы медалдар жана дипломдор менен сыйланышат.

Мындан тышкары, мыкты катышуучулар үчүн атайын номинациялар да каралган.

 

 

Последние новости