www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунун тургуну үйүн бузууга келген сот аткаруучулардын көзүнчө өз өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу активист Мирбек Осмонов Фейсбук баракчасында билдирди.
Тактап айтканда, бүгүн, 21-апрелде сот аткаруучулар айыл чарба багытындагы жерлерге салынып калган деген төрт үйдүн жашоочуларын чыгарууга аракет кылышты.
Учурда окуя болгон жерге Тез жардам келип, өзүнө кол салган адамга жардам көрсөтүүдө.
Осмонов Ак-Ордо-3 конушунун №498 контурундагы төрт үйгө байланыштуу иш учурда административдик сотто каралып жатканын, ошол себептүү бузуу иштерин токтотуп турууну өтүнүшкөнүн билдирди.
"Ак-Ордо-3 конушунун №498 контурунда 16 соток жерге кызыл китеп берилген. Бирок Сокулук райондук комиссиясына мурдагы айыл чарба багытындагы үлүш жер боюнча китепти көрсөтүү аркылуу кызыл китеп алган. Айыл чарба багытындагы үлүш жеринин өлчөмү туурасы 7 метр, узундугу 800 метрди түзөт. Ал эми кызыл китепте көрсөтүлгөн жердин өлчөмү 40×40 метр болуп жазылган. Демек, үлүш жердин ээсине туура эмес негизде кызыл китеп берилген. Мындан тышкары, архитектуранын маалыматы боюнча 2012-жылдагы участок номеринде көрсөтүлгөн беш үй чындыгында 2022-жылдан кийин курулган", - деп жазды Осмонов.
Азырынча сот аткаруучулар жана Бишкек мэриясы маалымат бере элек.