www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте криптовалюта алмаштырууда шылуундук кылган делип 1983-жылы туулган К.Ж. кармалды. 

Тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча, шылуундар 2024-жылдын 21-августунда Абдырахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде USDT криптовалютасын долларга алмаштыруу шылтоосу менен жабырлануучунун 82 550 криптовалютасын ээлеп алышкан. Курс боюнча 1 USDT 1 долларга барабар болгондуктан, зыяндын суммасы 82 550 долларды түзгөн.

Бул факт боюнча шылуундук беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ыкчам-издөө иш-чаралары уланып, кылмышка тиешеси бар башка адамдар аныкталып жатат.

Последние новости