www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ жана анын союздаштары дүйнөгө үстөмдүк саясатын сактоо далалаты дүйнөнү туруксуздукка кептеп, олку-солку абал жаратканын Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу айтты.
Ал бул туурасында Бишкекте ШКУ мамлекеттеринин коопсуздук кеңеш катчыларынын 21-жыйынында билдирди.
Ал өз сөзүндө: "Эл аралык укук жана көп тараптуу институттар системасы алсырап жатат. Химиялык куралга тыюу салуу уюму, дүйнөлүк уюмдар милдеттерин аткарбастан, барган сайын Батыштын куралына айланууда. Натыйжада бүгүн биз согуштан кийинки дүйнөлүк тартиптин пайдубалы болгон БУУ баштаган эл аралык институттардын деградациясын көрүп жатабыз", - деди.