www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын ИИББна У.Ж. аттуу жаран жазуу жүзүндө арыз менен кайрылып, анда жаран А.Э.ге карата чара көрүүнү суранган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматы билдирди.
Арыз ээсинин айтымында, А.Э. атайылап жана пайда табуу максатында өзүн жогорку кызматтагы аткаминердин уулунун таанышы, классташы катары тааныштырып келген. Ошондой эле ал «офисте» иштей турганын айтып, салык жана башка мамлекеттик органдарга байланыштуу финансылык маселелерди чечип бере аларын билдирген.
У.Ж жаранга өзүнүн чыныгы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жаңылыш маалыматтар менен алдап, ишенимине кирген шектүү анын акча каражаттарын ээлеп алган.
Тактап айтканда, 2026-жылдын 17-февралынан 21-февралына чейин Бишкек шаарындагы Горький көчөсүндө, жогорудагы маселелерди чечип берүү шылтоосу менен А.Э. аттуу арыз ээсинен 105 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алып, кийин милдеттенмелерин аткарбастан жана акчаны кайтарбастан из жашырып кеткен.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларынын натыйжасында Бишкек шаарынын ИИББнын кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан шектүү 1985-жылы туулган А.Э., мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган жаран кармалды.
Учурда окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча тергөө иштери улантылууда.
Эгерде сиз бул адамдын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган болсоңуз же анын башка кылмыштарга тиешеси бар болгон маалыматыңыз болсо, төмөнкү номерлерге кабарлап коюңуз: 0(772) 803-038 жана 102.
Бишкек шаарынын ИИББгы жарандарды сак болууга жана мамлекеттик органдардагы маселелерди акчага «чечип берем» деген адамдарга ишенбөөгө чакырат.