www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ишкерлик өнүкпөгөн мамлекет түз эле жакырчылыкка барып такалат. Мындай пикирин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Анын айтымында, кайсы бир ишкер камалса же мүлкү тартылып алынса, буга кол чабууга болбойт.
«Айрым маалыматы жок жарандар ишкерлерди камап же соттосо, кол чаап жатышат. Бирок алар өздөрү отурган бутагын өздөрү кыркып жатканын түшүнүшпөйт. Анткени бүгүнкү кол чабуу эртеңки жакырчылыкка алып келет. Себеби мамлекетке салык түшүүсү азаят, ишкерлер өлкөдөн чыгып кетет. Натыйжада мамлекет ишкерлер үчүн ыңгайсыз болуп, Афганистан же Африка өлкөлөрүнө окшош абалга түшүп калышы мүмкүн», — деди Шыкмаматов.
Мүлктү тартып алып, бир күн пайда көрүү мүмкүн. Бирок узак мөөнөттө бизнес өнүкпөгөн мамлекет сөзсүз жакырчылыкка дуушар болот.