www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 11-сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Боз-Бөлтөк тоосунун ачык аймагында өрт чыкты.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт куураган чөптөн улам келип чыккан. Өрттү өчүрүүгө Бишкек шаарынан жана Аламүдүн районунан жалпы төрт бөлүмдүн кызматкерлери жана куткаруучулар тартылган.
Ошондой эле жеринде ишти координациялоо үчүн ӨКМдин борбордук аппаратынан жана Чүй облустук башкармалыгынан ыкчам топтор иштеген.
Өрт саат 07:16да чектөөгө алынып, 08:21де толук өчүрүлгөн.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 150 гектарды түзгөн.