www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 1-апрель күнү, Бишкек шаарынын Айни жана Чапаве көчөлөрүнүн кесилишинен, 32 жаштагы Д.Н. башкаруусундагы «Ланд Ровер» унаасы текшерүү үчүн токтотулган учурда, маңдайкы терезесинде көк түстөгү Бишкек шаарында кыймылда жүрүүгө мүнкүнчүлүк берген уруксат пропуску болгон. Кылдат текшерүүгө алууда пропуск жасалма болгондугу аныкталган.  Бул тууралуу Бишкек шаардык комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.

"Окуя катталган аймака Ленин райондук ИИБы ыкчам тергөө тобу чыгып, унаа атайын коюлуучу жайга токтотулуп, баардык чогултулган иш кагаздары тергөө кызматына өткөрүлгөн. Андан соң окуя жоруктун жана кылмыштын бирдиктүү рейстрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодекснин 359 беренесине ылайык ( доументтердин жасалмасы) кылмыш иши козголду. 

Урматуу Бишкек шаарынын тургундары инфекциялык илдетти алдын алуу жана тарлып кетишине жол бербөө максатында жөнү жок эшике чыгууну токтотууну суранабыз. Жазалма документтерди колдонуу кылмышка тете экенин эскертебиз. Сиздер үйдө болсоңуздар, бизге жардам бересиздер!",- деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости