www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объекттеринин мыйзамдуулугун жана сапатын көзөмөлдөө иш-чаралары улантылууда.
Анын алкагында Кара-Көл шаарына караштуу Көк-Бел участкасында атайын түзүлгөн комиссиялык топ тарабынан Бишкек–Ош автожолунун жээгинде уруксат берүүчү документтери жок мыйзамсыз курулуп жаткан объект аныкталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган тамактануучу жай “Жагалмай” ЖЧКсы тарабынан курулуп жатканы белгилүү болду.
Натыйжада, компанияга жазуу түрүндө эскертүү берилип, 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин курулуш иштери токтотулду.
Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча башкармалык тарабынан көзөмөл улантылып, мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.