www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат кызматкерлеринин демилгеси менен мурда корпоративдик иш-чара өткөрүүгө пландалган профсоюз комитетинин каражаттары майыптыгы бар балдарга социалдык колдоо көрсөтүүгө багытталды.
Бул демилгенин алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев №30 атайын мектепке барды. Шаар башчысы мектептин тарбиялануучуларына балдардын физикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана ден соолугун чыңдоого арналган спорттук машыгуу жабдууларын тапшырды.
Мэр окуучуларды жана педагогикалык жамаатты келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, балдарды Бишкек шаарынын мэринин жаңы жылдык балатысына чакырды.
Мындан тышкары, шаар башчысы билим берүү мекемесиндеги балдардын окуу жана жашоо шарттары менен таанышты. Жыйынтыгында медициналык кабинетти жабдуу жана сапаттуу медициналык жана реабилитациялык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон кошумча атайын жабдууларды сатып алууга Бишкек мэриясынын резервдик фондунан каражат бөлүү чечими кабыл алынды.
Буга чейин Свердлов акимиаты Эл аралык майыптар күнүнө карата мектепке медициналык жабдууларды: текшерүү столун, жарыктандырылган офтальмологиялык картаны, дарылоо столун жана дары-дармек кутучасын сатып алган.
Белгилей кетсек, майыптыгы бар балдар үчүн №30 атайын мектеп 1938-жылдан бери иштеп келет. Учурда бул билим берүү мекемесинде 288 окуучу билим алууда.