www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп жакында Украинанын айланасындагы жаңжалдан Америка ири чыгымга учурганын жар салды. Анын айтымында, Вашингтон бул согушка 150 миллиард доллар чыгым тарткан. Ал эми жапсынан 350 миллиард доллар акча каражатын сарптаган.
Бирок расмий маалыматтарга ылайык, АКШнын Украинага көрсөткөн жалпы жардамы 170 миллиард доллардын тегерегин түзөт. Анын ичине аскердик, гуманитардык жана финансылык жардамдар кирет.
АКШ Украинага берген курал-жарактын ордун толтуруу, Европадагы коргонуу системаларын чыңдоо жана санкциялардын таасирин жоюу үчүн да кошумча чыгымга барууда. Ошондуктан “чыгым” түшүнүгү Трамп айткандай жөнөкөй сандар эмес
Арийне, Украина жаңжалы АКШ үчүн каржылык гана эмес, саясий жана моралдык сыноо болуп калды. Трамптын “чыгым” деген сөзү, акчанын көлөмүнөн да чоңураак мааниге ээ десек жарашат. Анткени бул көрүнүш, Америка өз ордун дүйнөлүк саясатта кайра аныктап жаткан мезгилди, дармет-күчүн чагылдырат.