www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-мартта Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарынынын Ажыбек Баатыр көчөсү 1/5, 1/6, 1/7 даректериндеги 3 блоктон турган 9 кабаттуу 180 батирдин пайдаланууга берүү актысын (акт ввода в эксплуатацию) тапшырды.  

Объект “Восток Строй Инвест” тарабынан курулуп, пайдаланууга берүү маселеси иш жүзүндө 10 жыл бою чечилбей келген.  Негизги көйгөй катары жер тилкесине байланыштуу коңшу субъекттер менен соттук териштирүүлөр болгон.

Министр турак үйдүн жашоочулары менен жолугуп, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги 2025-жылдан баштап турак үйлөргө байланыштуу көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча тиешелүү иштерди системалуу жүргүзүп келе жаткандыгын белгиледи.  

Аталган объект расмий пайдаланууга берилбей калгандыктан, жашоочулар батирлерин өз атына каттай албай, кыймылсыз мүлккө тиешелүү документтерди алуу процессинде чоң кыйынчылыктарга туш болуп келген. Ошондой эле, көп жылдан бери турак үйдүн жашоочулары коммуналдык кызматтарды өнөр жай тарифинде төлөп келген.   

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында көп жылдан бери чечилбей келген маселелер жөнгө салынып, объект расмий түрдө пайдаланууга берилди. Бул өз кезегинде тургундарга батирлерин мыйзамдаштырууга, тиешелүү документтерди алууга жана коммуналдык кызматтарды белгиленген тарифтер боюнча пайдаланууга шарт түзөт.

Последние новости