www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын мыкты футболчусу Гүлжигит Алыкуловдун "Кайрат Алматы" (Казакстан) командасы УЕФАнын Европа лигасы мелдешинде Армениянын "Ноа" клубу менен ойнойт. Бул тууралуу казакстандык команданын расмий сайтында айтылат.

Командалар УЕФАнын Европа 2020-2021-жылдагы лигасы мелдешинин квалификациялык баскычынын алкагында кез келет. Беттеш көрүүчүлөрсүз өтөт.

Оюн 27-августка белгиленип, өтүүчү орду азырынча аныктала элек.

Эске сала кетсек, Европа лигасы мелдешинин квалификациялык оюндары бир эле беттеш менен жыйынтыкталат.

"Дордой" клубунун тарбиялануучусу Гүлжигит Алыкулов ушул жылдын башында эки жылдык келишим менен Казакстандын "Кайрат" клубуна өткөн. Буга чейин Түркиянын "Анталья спор" командасында ойноп келген.

  Алыкулов 2019-жылы Кыргызстандын "Мыкты футболчусу" деп табылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости