www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ Берлин шаарында ITB Berlin 2026 эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын туроператорлору үчүн расмий кабыл алуу уюштурду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Deutscher Reiseverband (DRV) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана стратегиялык кызматташуу жөнүндө меморандумду ишке ашыруу максатында өткөрүлдү. Аталган меморандумга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2024-жылдын ноябрь айында Германияга болгон расмий иш сапарынын алкагында кол коюлган.

Иш-чараны Туризм департаменти жана Германиянын Туризм ассоциациясы (DRV) Кыргыз Республикасындагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду, Кыргызстандын туристтик уюмдар ассоциациясы (КАТО) менен биргеликте GIZдин "Жашыл экономика" долбоорунун колдоосу менен уюштурушту.

Ачылышында Германиянын Туризм ассоциациясынын президенти, Кыргызстандын Германиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев, Германиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Моника Ленхард, Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов жана тармак өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

Иш-чарага Германиянын туризм тармагынын, ассоциацияларынын жана мамлекеттик органдарынын 300гө жакын өкүлү катышты. Кабыл алуунун алкагында Кыргызстандын туристтик потенциалы, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Чыңгыз Айтматов атындагы юбилейлик Эл аралык Ысык-Көл форуму тууралуу презентациялар өткөрүлдү.

Иш-чара ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө, өнөктөштүктү бекемдөөгө жана Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн Европа рыногунда жайылтууга өбөлгө түздү.

Последние новости