www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 5-мартында Бишкек шаарында Куралсыздануу жана куралды жайылтпоо маселелери боюнча агартуу тууралуу эл аралык күнүнө карата Регионалдык конференция өткөрүлдү.
Конференция Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси жана Эл аралык Кызыл Крест комитетинин (ЭККК) миссиясы менен тыгыз кызматташтыкта уюштурулду. Иш-чара Кыргызстандын 5-мартты Куралсыздануу жана куралды жайылтпоо маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу эл аралык күнү деп жарыялоо демилгесинин уландысы болуп саналат. Бул демилге 2022-жылдын декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан бир добуштан колдоого алынган.
Конференциянын ишине Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы саясий ведомстволорунун өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, эл аралык жана регионалдык уюмдар, дипломатиялык корпус, илимий-академиялык чөйрө, ошондой эле Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттери катышты.
Куттуктоо сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев, БУУнун Башкы катчысынын орун басары, куралсыздануу маселелери боюнча Жогорку өкүлү Изуми Накамицу, Эл аралык Кызыл Крест комитетинин Борбордук Азия боюнча Регионалдык делегациясынын башчысы Биляна Милошевич, ошондой эле Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Кристофер Блэр сөз сүйлөштү.
Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Министрдин биринчи орун басары Асеин Исаев куралсыздануу жана курал-жаракты көзөмөлдөө кризистерди жана куралдуу жаңжалдарды алдын алуунун маанилүү инструменттери экенин белгилеп, массалык кыргын салуучу куралдар эл аралык коопсуздукка жана кызматташтыкка олуттуу коркунуч жаратарын баса белгиледи.
Ошондой эле Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгон алгачкы күндөрдөн тартып тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоого багытталган ырааттуу саясатты жүргүзүп келе жатканы өзгөчө белгиленди.
Мындан тышкары, Түндүк жарым шардагы алгачкы ушундай аймак болуп саналган жана регион мамлекеттеринин эл аралык коопсуздукту чыңдоого кошкон маанилүү салымы катары бааланган Борбор Азиядагы ядролук куралдан эркин аймактын ролуна өзгөчө көңүл бурулду.
А. Исаев ошондой эле билим берүү жана агартуу тынчтык маданиятын калыптандырууда жана коомчулуктун куралсыздандыруу жана жайылтпоо маселелери боюнча маалымдуулугун жогорулатууда маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
Сөзүнүн соңунда ал Кыргызстан глобалдык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоо максатында эл аралык өнөктөштөр менен активдүү кызматташууну мындан ары да уланта берерин билдирди.
Конференциянын алкагында Бишкек шаарынын жогорку окуу жайларынын студенттери арасында өткөрүлгөн видеороликтер сынагынын жыйынтыктары да чыгарылып, мыкты иштердин авторлору сыйлыктарга арзыды.
Конференциянын практикалык жыйынтыктарынын бири катары “Тынчтык аллеясынын” пайдубалы түптөлдү. Ардактуу коноктор тынчтык, куралсыздандыруу жана эл аралык кызматташтык идеалдарына берилгендикти символдоштурган дарак көчөттөрүн отургузууга катышты.
Конференциянын жыйынтыгында катышуучулар тарабынан Бишкек кайрылуусу кабыл алынды (текст тирелет).