www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда эң коррупциялашкан тармактардын бири дары-дармек сатуу деп моюнга алганы менен мамлекет бул тармакты тартипке сала элек.

Ушул тармактан кем эмес коррупциялашкан чөйрө - бул бензин, солярка жана көмүр сатуу. Бул тармакта 2018-жылы 87 компания жана жеке адамдар 1 млрд 68 млн сомдук мамлекеттик тендерлерди утуп алышкан. Булардын ичинен 5 компания бул сатып алуулардан 522 млн сом пайда тааптыр. Алар кимдер десеңиздер-студент балдар-кыздары тайрандап "Тойота", "Лексус" айдап жүргөндөрдүн аталары.

Маселен, "Газпром нефть Азиянын" баш мүдүрүнүн мурдагы орун басары, 2011-жылдагы жаратылыш ресурстары министринин экс-кеңешчиси, же Ош шаар кеңешинин мурдагы депутаты, же ЖК депутаты А.Маматовдун баласы, же экс-депутат К.Ташиевдин бир тууганы, же мурдагы каржы министри. Тизме ушинтип улана берет.

Коррупцияга каршы кызматы ушул 87 компанияны тыкыр текшере келсе, бери дегенде 87 млн сомду кусушмак. Бирок бизде тендерде кимдер утаарын, же уткан фирмалардын былыктары билинип калса, кантип жабылаарын 2+2=4 дегендей эле билебиз да. Бийлик дегениңдин аты эле болбосо, алардын да алкымы, ашказаны бар тура көрсө.

Булак: Ачык саясат

Последние новости