www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Ленин районунун милициясы алдамчылыкка шектелген жаран кармалганын билдирди.
15-апрелде милицияга бир топ жаран кайрылып, О.Н. аттуу жаранга чара көрүүнү суранышкан. Алардын айтымында, ал «Ф.» компаниясы аркылуу дары-дармек үчүн акча алып, бирок товарды бербей, акчаны да кайтарып берген эмес.
Бүгүнкү күнгө чейин милицияга 80ден ашык жаран кайрылды, жалпы материалдык чыгым болжол менен 3 миллион сомду түзөт.
Тергөөнүн жүрүшүндө 1980-жылы туулган О.Н. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө уланууда.
Эскерте кетсек, 24-мартта ИИМдин басма сөз кызматы 20 миллион сомдук алдамчылыкка шектелген 1980-жылы туулган О.Н.Ч. аттуу жаран кармалганын билдирген.
Милицияга бир жаран «Феникс» компаниясына чара көрүүнү суранып кайрылган. Анын айтымында, бир жыл ичинде кэшбек алуу үчүн 34,5 миң сом берген, бирок алданган.
Андан тышкары аялдын үстүнөн 26 адам даттанган. Зыяндын алдын ала суммасы 20 миллион сомду түзгөн.
Ошол кезде да шектүү катары О.Н.Ч. камакка алынган.