www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунда жапайы жаныбарларды мыйзамсыз кармоого каршы рейд учурунда браконьерлер тарабынан даярдалган жайлар аныкталды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгынын адистери жана егерлери Караңгылык жайлоосунда рейд жүргүзүшкөн.
Иш-чаранын жүрүшүндө кекиликтерди мыйзамсыз кармоого арналган атайын жайлар табылып, егерлер тарабынан толугу менен жок кылынды.
Министрлик жарандарды жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга, аңчылык эрежелерин сактоого жана жапайы жаныбарларды коргоого чакырды.
Мындай рейддер мыйзамсыз аңчылыкка бөгөт коюу жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо максатында өлкө аймагында үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.