www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дээрлик отуз жылдан ашык Беларуссияны башкарып келе жаткан Александр Лукашенконун өмүр баянындагы “анын атасы ким болгон” деген бир суроо дайыма коомчулуктун кызыгуусун жаратып келет. Бул суроого так жооп бүгүнкү күнгө чейин жок.
Александр Лукашенко 1954-жылы Витебск облусунун Копысь кыштагында төрөлгөн. Аны апасы Екатерина Трофимовна Лукашенкону жалгыз бой тарбиялаган. Расмий документтерде атасы тууралуу маалымат көрсөтүлгөн эмес. Бул совет доорунда сейрек кездешкен көрүнүш болчу жана дал ушул жагдай кийин ар кандай божомолдорго жем таштаган.
Лукашенко өзү бул тема боюнча көп сүйлөбөйт. Айрым маектеринде атасы тууралуу суроолордон атайылап качып, “менин апам баарын жалгыз көтөргөн” деп гана айткан учурлары бар. Башка сөздөрүндө ал өз тагдырын согуштан кийинки оор мезгил, жетимчиликте өткөн балалык менен байланыштырат. Бирок конкреттүү ысым же фактылар айтылган эмес.
Ушул белгисиздиктен улам, ар кыл ушак-айыңдар пайда болгон. Кээ бир версияларда анын атасы жергиликтүү айыл тургуну болгон делсе, башкаларында так далили жок божомолдор айтылып келген. Бирок булардын эч бири расмий же ишенимдүү булактар тарабынан тастыкталган эмес. Ошондуктан аларды тарыхый чындык катары кароого негиз жок.
Чынында болсо, Лукашенконун саясий образы дал ушул “атасыз өскөн, карапайым элден чыккан” тагдыр менен бекем байланышып калган. Ал өзүн элге жакын, жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккан лидер катары көрсөтүп, бул образды саясатта активдүү колдонуп келет.
Акыркы жылдары бул тема боюнча Александр Лукашенко сейрек болсо да кыскача үн каткан учур болду. Ал украин журналисти Дмитрий Гордонго берген маегинде атасы тууралуу эл алдында алгачкы жолу дээрлик эч нерсе айтпаган эскерүүсүн бөлүштү. Лукашенконун айтымында, ал атасын болгону бир жолу гана көргөн.
- Ал бизге бир жолу келген. Апам экөөбүз айылда жашачубуз. Мен аны бүдөмүк гана эстейм. Эсимде калганы ал абдан узун бойлуу адам эле. Болжол менен эки метрден ашык сымбаттуу, бойлуу киши болчу. Андан башка атам тууралуу эч нерсе билбейм”, - деген ал.
Бул жооп дагы Лукашенконун атасы ким болгон деген суроонун маңызын ачпайт. Ошентип, Лукашенконун атасы ким болгону тарыхтын жабык барагы бойдон калууда. Ал эми бул белгисиздик, кааласак да, каалабасак да, заманбап Беларуссиянын эң таанымал саясий фигурасынын айланасындагы мифологиянын бир бөлүгүнө айланган.