www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларустун президенттигине ат салышкан талапкер Светлана Тихановская Литвага кетти. Бул тууралуу Литванын тышкы иштер министри Линас Линкявичус өзүнүн Twitter баракчасына жазганын РИА Новости жазды.

"Светлана Тихановская коопсуз жайда, ал Литвада", - деп жазат ал.

Жекшембиде Беларусь Республикасында президенттик шайлоо өткөн. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматы боюнча Лукашенко 80,08 пайыз добушка ээ болгон. 10,09 пайыз добуш менен Светлана Тихановская экинчи орунга турган.

Тихановскаянын шайлоо штабы БШКнын жыйынтыгын тааныбай турганын билдирип, республиканын аймактарындагы бардык участкалардагы жыйынтыктар боюнча өз талапкери 70-80 пайыз добуш алганын белгилейт.

Тихановская шайлоонун жыйынтыгы боюнча БШКга арыз бергенден кийин байланышка чыкпай калганы айтылган.

Жекшемби күнү кечинде Беларустун бир катар ири шаарларында массалык нааразычылык акциялары башталып, дүйшөмбү күнгө чейин уланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости