www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен окуясына байланыштуу Финансы министрлиги республикалык бюджеттен 497 млн 60 миң сом бөлдү. Бул тууралуу КР финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдирди.

Анын айтымында, бул сумма жарандарды коопсуз аймактарга көчүрүүгө, тамак-аш, дары-дармек жана медициналык жабдыктар менен камсыздоого багытталды.

“Каражат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Ички иштер министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине жана облустун жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына жөнөтүлүп, жогорудагы айтылган министрликтердин арыздарына ылайык каржыланды”, - деди чиновник.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости