www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чекене баалардын күн сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде Республиканын 18 калк жашоочу пункттары боюнча 2019-жылдын 17-октябрына карата көмүрдүн орточо керектөө бааларынын талдоосу жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн жуманын ичинде көмүрдүн орточо республикалык баалары бир тонна үчүн 27,04 сомго же 0,6 пайызга жогорулады.

Аймактардын тиги же бул калк жашаган аймактарынын рынокторунда көмүрдүн чекене бааларынын олуттуу дифференцияциясы байкалды. 2019-жылдын 17-октябрына карата абалы боюнча көмүрдүн максималдуу орточо керектөөчү баалары Баткен шаарында (бир тонна – 8500 сом), Кара-Суу шаарында (бир тонна – 7745,97 сом) жана Ноокат шаарында (бир тонна – 6986,64 сом) катталды. Ушул эле учурда, минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна – 2500 сом), Нарын шаарында ( бир тонна – 3646,92 сом) жана Балыкчы шаарында (бир тонна – 3694,59 сом) байкалды.

Муну менен бирге, көмүрдүн чекене баалары Баткен шаарында – тоннасы 1500 сомго олуттуу түрдө жогорулады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости