www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжайда чек араны мыйзамсыз бузуп кирген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Айрыбаз айылында 5-сентябрынан 6-сентябрына караган түнү Айрыбай айылдык милиция бөлүмчөсүнүн начальниги өзүнүн аймактык тескөөчүсү менен биргеликте коомдук коопсуздукту тейлеген аймагында көзөмөлдөп жүрүп, айылда бейтааныш адамды жолуктуруп калат.

Шек жараткан жарандан кайда жөнөгөндүгүн, документтерин сураганда ал Ош шаарына жөнөдүм деп жолду адаштырып айтып алат. Айрыбаз айылдык милиция бөлүмчөсүнүн начальниги шектүү жаранды бөлүмчөгө алып келип, текшерүү иштерин жүргүзгөндө, ал чек араны мыйзамсыз, бузуп кирген 40 жаштагы чет өлкөнүн М.Р. аттуу жараны экенди белгилүү болгон.

Бул факты Кадамжай РИИБинин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости