www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Лейлек РИИБдин Андарак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Сумбула айыл аймагынын Көк-Таш айылында окуучулар жана ата-энелер менен жолугушуу өткөрүштү. Иш-чара жаш өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулуктун алдын алуу, кылмыштуулукту болтурбоо жана коомдогу терс көрүнүштөргө жол бербөө максатында уюштурулду. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө ата-энелерге түшүндүрүү иштер жүргүзүлүп, балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу боюнча эскертүүлөр берилди. Ошондой эле ишеним телефондорунун номерлери таратылып, кандайдыр бир мыйзам бузуу фактылары катталган учурда дароо милицияга кайрылуу зарылдыгы белгиленди.