www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай менен Улуу Британия глобалдык тынчтыкты жана туруктуулукту камсыздоо, ошондой эле эки өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн алдыга жылдыруу үчүн эки тараптуу кызматташууну күчөтүшү керек. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин 29-январда Пекин шаарында Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен болгон жолугушуусунда билдирди. Бул маалыматты «NazarNews» агенттигине Кытайдын «CCTV-plus» агенттиги билдирди.
«Азыркы туруксуз эл аралык шартта БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү жана дүйнөдөгү ири экономикалардын катарына кирген Кытай менен Улуу Британия тынчтыкты сактоо, экономика жана калктын бакубатчылыгын өнүктүрүү багыттарында диалогду жана кызматташууну күчөтүшү зарыл. Сиздин учурдагы сапарыңыз жалпы коомчулуктун көңүлүн бурууда. Тарыхый кеңири көз караш менен карап, азыркы пикир келишпестиктерден жогору туруп, бири-бирибизди урматтай алсак, алдыдагы чакырыктарга татыктуу жооп бере алабыз», — деди Кытай лидери.
Өз кезегинде Кир Стармер Улуу Британия тарап Кытай менен кызматташууну жолго коюуга даяр экенин билдирди.
«Төрага Си Цзиньпин, сиз белгилегендей, бул акыркы сегиз жылдагы Улуу Британиянын премьер-министринин Кытайга алгачкы сапары болуп жатат. Менин оюмча, бул өтө узак аралык. Кытай дүйнөлүк аренада маанилүү оюнчу болуп саналат. Улуу Британия менен Кытайдын ортосунда жогорку деңгээлдеги эки тараптуу мамилелерди орнотуу өзгөчө мааниге ээ», — деди ал.
Эске салсак, Кытай Мамлекеттик кеңешинин премьер-министри Ли Цяндын чакыруусу менен Кир Стармер 28–31-январь күндөрү Кытайга расмий сапар менен келди.