www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Барскоон–Бедел жолунун курулушу текшерилди

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Барскоон–Бедел автомобиль жолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жолдун негизги тилкелериндеги жана тоннелдердеги курулуш иштери каралып, подрядчы China Road and Bridge Corporation (CRBC) компаниясынын өкүлдөрү аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат беришти.

Маалыматка ылайык, №1 (Сөөк) тоннелинде негизги туннелди казуу 365 метрге, ал эми пилоттук туннелди казуу 466,2 метрге жетти.

Ал эми №2 (Ашуу-Суу) тоннелинде негизги казуу иштери 270,2 метрге, пилоттук тоннель 361,4 метрге чейин улантылды.

Учурда жалпы узундугу 161 чакырымды түзгөн Барскоон–Бедел автожолунун бардык тилкелеринде курулуш иштери активдүү жүрүп жатат.

Объектте 1700дөн ашуун жумушчу эмгектенип, 814 бирдик атайын техника пайдаланылууда.

Жыйынтыгында подрядчы компанияга курулуш иштерин бекитилген графикке ылайык сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аяктоо, коопсуздук талаптарын так сактоо жана курулушту бардык керектүү ресурстар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, Барскоон–Бедел автомобиль жолу Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жаңы эл аралык транспорттук коридорду түзүүгө багытталган стратегиялык инфраструктуралык долбоор болуп саналат.

Ал өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана чек ара аймактарынын экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.

Последние новости