www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдүн Тоң районунда 9-июль күнү саат 10:00 чамасында Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 4-чакырымында Volkswagen Passat унаасы менен Шахман оор жүк ташуучу унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 2 эркек жана бир аял каза болуп, дагы 3 өспүрүм ар кандай жаракат алышкан. Окуя болгон жерге ӨКМнын Балыкчы шаардык бөлүмүнөн 4 куткаруучу "Тез жардам" жана ИИМдин кызматкерлери барышкан.

Куткаруучулар каза болгондорду унаадан чыгарышып, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган өспүрүмдөрдү "Тез жардам" кызматы шаардык ооруканага алып кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости