www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатында күмүш медаль утуп алды. Бул тууралуу “Биргелешкен күрөш дүйнөсү” (United World Wrestling) уюмунун расмий сайты билдирди.

Маалыматына ылайык, Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан мелдеште Шаршенбеков кечээ, 19-февралда грек-рим күрөшүнөн 60 килограммга чейинки салмакта финалга чейин жетти. Алтын байге үчүн болгон беттеште ал япониялык дүйнө чемпиону Кеничиро Фумита менен күч сынашып, 4:0 эсебинде жеңилди.

Белгилей кетсек, Жоламан Шаршенбеков таймаштарын 1/8 финалдан баштап, алгачкы беттешинде казак балбаны Айдос Султангалини 7:6 эсебинде утту. Чейрек финалда монголиялык Даваабанди Мукхи Эрденени 10:0, жарым финалда ирандык Мехди Сейфоллахты 9:2 эсеби менен жеңип алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости