www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран бийлиги коронавируска эки киши чалдыкканын билдирди. COVID-19 вирусу бул өлкөдө биринчи жолу катталды.

ИСНА маалымат агенттиги 19-февралда жазганына караганда, саламаттык сактоо министри Киянуш Жаханпур илдетти жугузуп алган деп шектелген бир нече кишинин анализдери текшерилгенде экөөндө вирус бар болуп чыкканын билдирди. Министр дагы бир нече тесттин жыйынтыгын күтүп жатышканын, даяр болору менен маалымат берилерин кошумчалады.

Маалыматка ылайык, вирус табылган Ком чөлкөмүнө адистер жөнөтүлүп, шек саналган адамдар карантинге алынды. Иран вирустун ыктымал жайылышын алдын алуу үчүн буга чейин аэропорттордо текшерүүнү күчөткөн.

Акыркы маалыматтарга таянсак, Кытайдын өзүндө бул илдеттен каза тапкандардын саны 2 миңден ашты, вирусту жугузуп алгандардын саны 74 миңге жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости