www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сеул шаарындагы Апелляциялык сот өлкөнүн мурдагы президенти Ли Мён Бакты 17 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Ли Мён Бак сот башталардын алдында

Маалыматына ылайык, мурдагы президент бир тууганына катталган автоунаа тетиктерин чыгаруу компаниясына ээлик кылып, бизнесин өнүктүрүү үчүн ыйгарым укуктарын пайдаланып келген.

78 жаштагы саясатчы буга чейин ушул эле иш боюнча 15 жылга соттолгон. Бирок саламаттыгынын начарлап кеткендигине байланыштуу күрөөгө бошотулган. Эми ал кайра түрмөгө камалат.

Прокурор мурдагы мамлекет башчыны 23 жылга эркинен ажыратууну сураган. Саясатчы өзүнө коюлган айыптардын баарын четке кагууда.

Ли Мён Бак Түштүк Кореяны 2008-жылдан 2013-жылга чейин башкарган. Өлкөнүн андан кийинки президенти Пак Кын Хе да камакта. Ал коррупцияга, кызматтык кыянатчылыкка жана шайлоого кийлигишүүгө айыпталып, жалпысынан 34 жылга кесилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости