www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында баңгизатын тараткан деп шектелип, жаш жигит кармалганын 2-августта Биринчи май РИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Борбордун тургуну Ошто баңгизатын сатууну пландап жатканы тууралуу маалымат милиция кызматкерлерине 2021-жылдын октябрында түшкөн.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Баңгизат, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында даярдоо») менен катталып, ыкчам аракеттер жасалды.

Жыйынтыгында Биринчи май РИИБинин ыкчам кызматкерлери тарабынан шектүү — 2004-жылы туулган Ш.Б. — кармалды. Анын жанынан 1 кг 342 грамм нашаа табылган. Шектүү убактылуу камакка алынып, тергөө уланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости