www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Республика - Ата Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келүүсү боюнча анын адвокаттары маалымат берет. 27-мартта адвокат Амантур Абдрахманов менен өкүлү Ислам Каргабаев Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш ишинин айласындагы кырдаал боюнча журналисттерге түшүндүрмө беришет. Бабановдун өкүлү Ислам Каргабаевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча маалымат жыйынына филолог жана саясатчылардан турган көз карандысыз эксперттер да катышат. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

"Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иши бар экенин билесиңер. Ошол иш бар болуп туруп, анын Кыргызстанга келүү мүмкүнчүлүгү кандай? Биз ушул суроонун айланасында журналисттерге маалымат беребиз".

"Республика - Ата Журт" партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин чет өлкөгө чыгып кеткен. Ал Кыргызстанга кайтарын буга чейин бир нече жолу билдирген. Жакында Нооруз майрамынын алдында Бабанов "Фейсбук" аркылуу кыргызстандыктарды куттуктап, "жакында көрүшөбүз" деп кыйыткан. Көп өтпөй санаалаштары Бабановдун жакын арада Бишкекке келерин ачык айтып чыгышты.

Кыргыз бийлиги Өмүрбек Бабановдун өлкөгө кайтышы боюнча позициясын азырынча ачык айта элек. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бабанов өлкөгө кайтса, мыйзам алдында жооп берерин эскертти.

Өмүрбек Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Анын бири “2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде козголсо, кийин «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш ачылган.

УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости