www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Салымбековдор таксиге канча төлөйт?

Салымбековдун уулу Улукбек Салымбеков хансарайынан таксиге түшүп «Дордой плазага» жеткирип коюшун өтүнөт. «Дордой плазага» жеткен соң 100 сомдук жерге 100 доллар берип калганына чай-пай ичип коюңуз деп «сдача» албай кетет. Кынык алып алган шопур эртеси да Салымбековдун хансарайын аңдып турат. Караса Аскар Салымбековдун өзү келип таксиге отуруп «Дордой плазага» жеткирип коюшун өтүнөт. «Дордой плазага» жеткен соң 100 сомдук жерге чөнтөгүнөн майда-чүйдө тыйындарын санап 100 сомго жеткирип берет. Шопур таң калып: «Кечээ уулуңуз түшүп 100 доллар берип, «сдача» албай кетти эле. Сиз 1 тыйындан өйдө эсептейсиз да?» -дейт.

«Менин балам миллионер Салымбековдун баласы билсеңиз. А мен кимдин баласымын? Жөнөкөй турмушта жашаган колхозчу Салымбековдун баласымын да» -деген экен.

“Дордойдогу” жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан опузалап акча талап кылган жаран кармалды. Маалыматка ылайык, “Дордой” соода-базары комплексинин аймагында опузалап акча каражатын талап кылуу жана мыйзамсыз өндүрүп алуу боюнча кылмышка шектүү катары Н.А.Ж. аттуу жаран аныкталып, кармалды.

Н.А.Ж. “Дордой” соода борборунан Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу районунун базарларына жана Өзбекстан Республикасынын базарларына оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан үзгүлтүксүз акча талап кылуунун мыйзамсыз механизмин уюштурганы аныкталды. 

Жүргүзүлгөн атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Н.А.Ж. кезектеги мыйзамсыз акча чогултуу учурунда кармалган.

Мындан тышкары, Н.А.Ж.дын жашаган жеринде тинтүү учурунда каттоодон өтпөгөн мергенчилик мылтыгы (араланган сайлуу мылтык), атылбас курал жана диний адабияттар табылган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости