www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Мындан туура 3 жыл мурун, 2020-жылдын октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон Аспеков 2021-жылдын январында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен “250 миң доллар талап кылган” деген шек менен кармалган. Эркиндикте жүргөн Мелис Аспеков кайрадан камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Маалыматка ылайык, ал 27-ноябрга чейин камакта болот.Эске сала кетсек, Мелис Аспеков буга чейин акча опузалоо фактысы боюнча күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркинен ажыратылган. Бирок ушул жылдын май айында президенттен ырайым сурап эркиндикке чыккан болчу.

Жапаров “Азаттык” радиосуна маек куруп, өз ой-пикирин билдирген. “Азаттык”  Жапаровго: “Мелис Аспеков сот отурумунда сизден убагында миллион доллар алганын, акчаны өз кезегинде сизге Сооронбай Жээнбеков бергенин жарыялады. Чынында эле Сооронбай Жээнбеков сизге ири суммада акча берди беле?” деп суроо салган.

Жапаров: “Сооронбай Жээнбековдон бүгүнкү күнгө чейин 1 миллион доллар алмак түгүл бир доллар алган жокмун. Кудай өзү көрүп турат. Ал эми Мелис Аспеков болсо шайлоо убагында мени сурап жатат деп ар кимден акча чогултуп кармалган. Ошол үчүн

Мелис Аспеков өзүнүн Facebook баракчасына Жапаров өзүнүн шайлоосуна Сооронбай, Асылбек Жээнбековдордон 10 млн $ алган, аларды жоопкерчиликке тартып камай албайт деп жазып чыккан. Аспеков Чүй облусу боюнча штаб башчыларына акча бергенде алардан тил кат жаздырып алган. Аспеков тарабынан жазылган маалымат өзгөртүүсүз берип көрөлү:

«5-октябрдагы төңкөрүштөн кийин, Садыр Жапаров берген убадаларынын аткарылышын мен талап кылып баштадым.Мисалы Кумтөрдү денонсация кылып, эл үчүн иштеп берүүсүн, Жерүйдү бери дегенде 50% Кыргыз тарапка алуусун, люстрация мыйзамын кабыл алып, коррупция менен аёсуз күрөшкөнүн, энергетика тармагындагы Ширшовдун схемаларын, кан буугандай токтотуу, бажыдагы уурулукту жөнгө салуу, Дача - Суудагы окуяга чекит коёрун, Жээнбековдорду элди атканга берген буйругу үчүн, жоопко тартууну ж.б.

Сөздөрүнүн биринде, Жапаров Президент болгон соң бул убадалар ишке ашат, андан көрө келе жаткан шайлоодо Чүй облусунун координатор болуп бер деген сунушун айтты.

Жапаровдун айтымында, шайлоо учурунда Чүйгө 1 млн $ бөлүнөрүн баса белгиледи. Ишенбеген адам турбаса, акчанын дайынын таппай калабыз, керектүү добуш албасак, мен Президент болбой калсам, бизди камайт, биз биринчи турунда уруп чыгышыбыз зарыл деп тапшырма берди. Мен макул болуп, дароо штаб ачып,  керектүү кызматкерлерди жалдап, кеңсеге компьютер жабдыктарын алып ар бир районго координаторлорду бекитип, миңдеген агитаторлорду тандап (тизмеси бар),  кыскасы шайлоо башталышына толук даярдык көрүлдү.

Садыр айткандай 1 млн $ акча каражатын, шайлоо учурунда үч бөлүп, өз колу менен Ала-Арча резиденциясынан мага берди. Сөзүм кур болбош үчүн,ар бир райондун координаторлордун паспорт көчүрмөлөрү менен, менден шайлоого алган каражаттарынын кол каттары далил катары көрсөңүздөр болот.

Бул чыгымдардан тышкары,башка көптөгөн чыгымдар болду.Тонналап бензин алганбыз, көптөгөн коомдук бирикмелердин, кыймылдардын, диасполардын жаш топтордун лидерлер менен кызматташуу, алар бекер иштебейт.

Мен 1000 $ ашпаган чыгымдардын,кол каттарын алчу эмесмин, болгону журналга тушурчумун. Чүйдөн шайлоого королгон 1 млн $ ачык коомчулукка көрсөтүлүп,салыктары төлөнөт деп ойлогом, бирок андай болгон жок.

Республикалык штаб жалпысынан шайлоого болгону 40 млн сомдун тегерегинде чогулуп, сарпталганын жарыя кылды. Мындай чоң мыйзам бузууну кандай түшүнсө болот деп, Садырдын өзүнө бардым. Анын айтымында, эгерде бардык чыгымдарды ачык көрсөтсөк, көп салык төлөйбүз, эл бизди жеп коёт, мынча акчаны жаңы келип кайдан алдыңар деп ызырынып баштады.

Мен шайлоого Жээнбековдордон 10 млн $ алдым деп ачык эле айтты уялбай. Башка аларды кама дегенди токтот, алардан башка ким бермек эле деп кайрадан менден сурайт.

7 дубанга 1 млн $ кетти, Көлгө 2 млн $ бердим, өзүмдүн жеримен аз добуш алсам уят болоорун айтты. Бишкек менен Ошко 1 млн $ бердим дейт.

Ушинтип арам Жээнбековдордун акчасына Президент болбой эле койсоң болмок десем, сен эмнени билесиң деп менен качып баштады. Шайлоого аралашканыма абдан өкүндүм. Урматтуу эл журт Садыр Жапаров эч качан Жээнбековдорду жоопко тарта албайт, алардан чоң пара алган экен.Эки жактын макулдашуусу боюнча, Искендер Гайыпкуловду Президент аппаратына бекитти.

Дегиле бул окуялар эмне менен бүтөт, убакыт өзү көргөзөт.

Капа болгонум Садыр Жапаровдун кожоюндары көбөйүп кетти.

Мен болгонун болгондой айттым. Эл ар дайым чындыкты билиши керек...

Мелис Аспеков СИЗО ГКНБ. 12.05.2022 жыл»

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости