www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Орусия президентинин пресс-катчысы Песков Путиндин Токаев менен Назарбаевке мамилеси жакшы экендигин билдирип, бул жылуу мамилелер кала берерин билдирген. Жакында эле орус премьери Астанага барып, ал жерден казак президенти Токаевдин кабыл алуусунда болуп, жакшы сөздөр сүйлөнгөн. Кара басып немец канцлери Шольц Германияга Борбор азиянын лидерлерин чакырып Токаев токтолбай эле орустарга санкция салган туура деп балп этип салды. Ага салыштырмалуу биздин президент Жапаров биз эгемендүү мамлекетпиз, ким менен байланышабыз өзүбүз билебиз дегендей кылып койду.

Токаевди көтөрмөлөгөн Назарбаев болгон. 2022-жылдын январынан кийин Токаев Назарбаевди танып, өзү билемдик кылып келатат. Кыргыздарга эмне шам эле, бирок Казакстан менен чектешкен жерде кезекте күтүп саргарып турушат. КНБ жетекчиси уйгур улутундагы Масимов  укурукка чалынып камакка алынган. Ушундан улам Назарбаевдин таянган тоосу урап, Казакстанда болуп жаткан кырдаалдан Назарбаевдин доору бүтүп, Токаев жеңишке жетишти десе болот. Назарбаев-Токаев тандеминин таш-талканы чыгып Назарбаевдин кадыры биротоло тебеленди. Өзүнө мураскор катары алгач Назарбаев кошоматты жакшы жасайт деп Масимовду тандаган, бирок казактар уйгурду мамлекет башына алып келбесине көзү жеткен соң, аны КНБ же бизче УКМКга жетекчи кылат. Токаевди мураскор кылар алдында, ал дипломат катары  бир топ жыл сыртта жүрүп командасы жок экенине басым жасаган. Ашына Өзбекстанда Каримов күтүлбөгөн жерден көз жумган соң анын кызы Гүлнара камалса, Лола бардык мүлктөрүнөн кол жууган. Ушуларга акыл калчап, Назарбаев көзү тирүүсүндө кыздарына бийликти өткөрүү үчүн Токаевди «трамплин» кылган. Формалдуу жана жашыруун бийлик анын колунда калган. Биринчи президенттик статусу ага кепил болуп берсе, Коопсуздук Кеңешинин төрагалыгы андан кийинки президенттин колу-бутун тушап салган. Уйгур Масимовдун КНБнын башында турушу Токаевди такалап турган. Казакстанда болуп жаткан курч кырдаал кош бийликти ташын-талкан кылып жиберген. Алгач өкмөт башында турган Аскар Мамин менен назарбаевдик доордун көзүрлөрү ордуларынан жылмышты. Анын отставкасын көптөн бери талап кылып келатышкан, бирок Назарбаевдин кадыр-баркы менен жүргөн.

Назарбаевке каршы катуу сокку урулду, ал таянып келаткан уйгур Карим Масимов бошотулуп 2022-жылы 8 январда камакка алынды. Аны менен кошо КНБны өзү билип, өзү тейлеген Назарбаевдин инисинин уулу Самат Абиш кызматынан кол жууду. Анын артынан Назарбаевдин ишенген адамдары кызматтарынан кол жуушуп, Назарбаев үй-бүлөсү менен сыртка чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Албетте, Токаевди бул жерде башкы уюштуруучу катары кароого болбойт. Ал учурдан пайдаланып Назарбаевдик колу-бутун тушап турган чынжырдан кутулду. Акыркы мезгилде болуп жаткан саясий хаос назарбаевдик замандан биротоло кутултуп Токаевдин заманы башталды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости